Ош мамлекеттик университети
Сырттан жана дистанттык окуу бөлүмү
kg
  • Жаңылыктар

28.10.2019 күнү табият таануу жана география факультетинде семинар болду

2019-10-31 05:00:05 43

2019-жылдын 28-октябрында Табият таануу жана география факультетинин көз карандысыз тестирлөө жана дистанттык окутуу борборунда «Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окутууга байланышкан жаңы кабыл алынган документтер менен иштөө» боюнча семинар болуп өттү. Семинарга факультеттин окуу иштери боюнча деканынын орун басары, кафедра башчылар жана дистанттык технологияны колдонуу менен сырттан окуу бөлүмүндө сабагы бар окутуучу-профессордук курам катышты. Семинардын жүрүшүндө тренерлер тарабынан баалуу маалыматтар берилип, кызуу талкуулар, суроо-жооптор менен коштолду.