Ош мамлекеттик университети
Сырттан жана дистанттык окуу бөлүмү
kg

Мисcиясы

ОшМУнун миссиясы:

  • Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;
  • Билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу;
  • Жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды, улуттук, руханий маданиятты калыптандыруу;
  • Мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий, саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүктө, илимде жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

ОшМУнун келечекке карай максаты:

ОшМУнун классикалык университеттен дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөчү жана инновациялык университетке трансформациялоо.

ОшМУнун стратегиялык максаты:

Дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү.

ОшМУну Борбор Азиядагы  эң алдынкы 3 университеттердин бирине айландыруу.

* ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2019-жылдын 4-февралында №4 жыйынында кабыл алынган.